Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштери аяктады



Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
13-декабрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасынын ачылыш аземине катышты. 1957-жылы курулган бул оорукананын капиталдык оңдоп-түздөө иштеринин жалпы суммасы 25 миллион сомду түздү.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотовдун айтымында, оорукана эки блоктон туруп, жалпы 180 орунга ылайыкташкан. Блоктордун биринде коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу, ал эми экинчи блокто балдарды кабыл алуу үчүн оорукана ачуу пландаштырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.