super.kg logo

Мэрия коомдук жайларды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүүнү улантууда

 
Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санитардык патруль кызматы тарабынан Эне жана баланы коргоо борборунун айланасындагы баш аламандык үчүн протокол түзүлдү.
Мыйзамга ылайык, физикалык тарапка 3 миң сом, ал эми юридикалык жакка 13 миң сом айып салынат.
"Айни көчөсүндөгү "Фарма-Мир" компаниясына, Ахунбаев №134/1 көчөсүндө "Фарватор", Айни 85 "Партнер Инвестор", Үмөталиев №161/1 көчөсүндө "Триада", Чүй № 128 кең көчөсүндө "Эпоос" дүкөндөрү, ошондой эле Дэн Сяопин кең көчөсүндө жайгашкан "Малика" кафесине айып салынды.
"Эко Транс Сервис" жана "Комтранском" компанияларына таштандыны алып салбаганы үчүн протокол түзүлдү. Мындан тышкары "Сабыш", "Миң Бир Жыгач" компанияларына, "Триадага" таштандыны атайын жайга таштабаганы үчүн айып салынды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: