super.kg logo
  Саясат  

Кыргызгидромет: Быйылкы кышта кар көп жаап, катуу суук болушу күтүлүүдө

 

1-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин тиешелүү жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда кышка даярдык көрүү боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Жетекчилердин маалыматтары боюнча, министрликке караган түзүмдүк жана аймактык башкармалыктары көмүр менен толук камсыз болушкан. Ал эми көйгөй катары ӨКМнын Чаткал районундагы, Баткен облусундагы жана Нарын облусундагы өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрү үчүн курулуп жаткан имараттардын курулуш иштеринин кечиктирилиши айтылды.  

 

Министр Кубатбек Боронов бул маселе боюнча министрликтин өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Нуржан Осмоналиевге жана министрликтин Жалал-Абад, Баткен, Нарын райондук башкармалыктарынын башчыларына кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди. ӨКМнын гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевдин маалыматы боюнча, быйылкы кышта өткөн жылдарга салыштырмалуу кардын көп жаап, суук катуу болору болжолдонууда.  

Мындай маалыматты уккан министр К.Боронов: "Кышка даярдык көмүр сатып алуу менен эле чектелбейт. Кызматкерлер эмгектенип жатышкан бардык имараттарды жылуулатуунун аракеттери азыртадан көрүлүүсү зарыл. Качан бюджеттен акча келет экен деп отура берүүчү мезгил артта калгандыгын унутпагыла. Биринчи кезекте куткаруучулар менен катардагы жоокерлердин кызмат орундарын, жашаган жерлерин кышка даярдашыбыз керек. Анткени ар кандай кырсык учурунда калкка жардам көрсөтүүчү негизги күчүбүз ошолор. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бербей туруп, биз калкка жардам көрсөтө албайбыз. Экинчиси, биздин техникаларыбыз ар кандай кырсыктарга даяр болуусу зарыл. Үчүнчүсү, кышында кар көп жаагандан улам калктын каттоосуна кыйынчылык жаратуучу жолдордун, ашуулардын карталары кайрадан каралып чыгып, тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сунуштар менен эскертмелердин берилүүсү зарыл",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: