super.kg logo

"Обама, Медведев менен талкуулаганбыз". Нурсултан Назарбаев Кыргыз өлкөсүнөн Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди (видео)

 

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев журналист Айгүл Идиловага берген интервьюсунда суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин качып кетишине кантип жардам бергенин айтты.

Анын айтымында, ал Аскар Акаевди тик учак менен Тараз шаарына алып кеткен.

"Анда абал оор болчу, атышуу болушу мүмкүн экен. Куралдуу тиреш болуп кетпесин деп аны Кыргыз өлкөсүнөн алып чыгып кеттим. Андан ары тигил жакка (ред. Москвага) кетти. Андан кийинки президент (ред.Курманбек Бакиев) менен дагы ошол эле көрүнүш кайталанды. Ал Ош шаарында өз тарапташтарын чогултуп, куралдандырып, Бишкекти көздөй барууга кам көрүп алыптыр. "Курманбек, сен эмне кылып жатасың, мындайдын эмне кереги бар? Кан төгүлөт. Мейли, кайра бийликти алдың дейли, анан кантип иштейсиң?" дегем. Мага ошол кезде өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева телефон чалып, "Эмне кылабыз, бир нерсе кылыңыз, Курманбекти тынчтандырып бериңиз" деп суранган. Бакиевди араң көндүрдүм. Ошол кезде Вашингтондо өзөктүк куралга каршы жыйын өтүп жаткан", - деп билдирди Казактсандын мурунку президенти.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев мындай кадамга барууга аргасыз болгонун кошумчалады.

"Ал кезде Орусияда Медведев, АКШда Обама президент болчу. Үчөөбүз шыбырашып жаткан сүрөт бар. Ошондо Кыргыз өлкөсүндө жарандык согуш башталып кетмей болду деп сүйлөшүп жатканбыз. Мен Бакиевди Бишкектен алып чыгып кетейин, орусиялык истребителдер менин учагымды коргоп беришсин деп сунуш кылгам дейт Назарбаев. Ал кезде Казакстандын коргоо министри Адилбек Жаксыбеков болгон. Ал Назарбаевге Ош аэропортунда учуп-конуучу тилкеге таш төгүп салышты деген маалымат бар экенин айткан. Мен учакты жибере бер, эгер конуу тилкесинен таш көрүнсө кайрылып кете берсин дегем. Эгер жок болсо алып келе берет дегем. Бирок ал жерде эч кандай таш болгон эмес. Курманбекке жакындарыңды даярдап тур деп айткам. Ошентип аны үй-бүлөсү менен чыгарып кеттик. Эгер бул нерсени кылбасак, кан төгүлмөк, алар мындай болуп кетерин унутуп коюшат", - деди мурдагы президент Нурсултан Назарбаев.






Нурсултан Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
16.12.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мына сага...
16.12.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш эми
16.12.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
КАЧКЫН ПРЕЗИДЕНТ деп,кино тартса болчудай
16.12.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бакиев көбүнө салыштырганда иштеген экен азыр ойлонсом
16.12.2020. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Lordbek,элди кырып атыппы
16.12.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бакиевди бекер кубалашты 15 миң адам 6 млн элдин тагдырын чечип таштады,башында теке,отун,атам,сари турду! Жеткен шакал ушулар!
16.12.2020. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми Садырды колдоп алгыла, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай.
16.12.2020. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев оштон куралдуу куч топтоп алып Бишкеке келмек дейт тушунуп жатасынарбы,эгер Эгер ошондой куч топтоп келсе точно эле граждандык согуш чыкмак.Болбойле Бакиевти мактайсынар го.
16.12.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Shabi,аларга тезек терип, 6 саат жарыгы жок, телефонов кеткен ар бир чалууга 0,60тыйын, Каркырадай жерлерибизди саткан жагат. Ошон учун макташат Бакиевти.
16.12.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Shabi,мактаган адамдар тушунук жете элек карапайым шордуу да акылы жетпесе эмне кылышат айла жок акылдуулардын жанында дөөрүгөндөн башка эмне кылышат
16.12.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
шал бизди койуп2011 жылы Жанөзендеги элди кырып таштаганына жооп берип алсын да.акай м.н бакийди сактагамын деп мактанбай.Кыргыз эли 30-чу жылдарда бүткүл Казак элин ачарчылыктан сактап калган.
16.12.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын тагдырын ушу чешчи бекен не, алжып калыптыр бу шал. Акаев менен Бакиев угуп шалдын калп айтып атканына не дешээр экен. Бу көрү жакындап калганда дагы нени кыйраттым деп атат. Балдарынан көрүп атканы аз болуп атат окшойт. Сыйлачу элем, татыктуу эмес адам экен.
17.12.2020. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев курал топтоп элди которуп жоногону жаткан экен дейт...
Ушул имишти уккан бироо жарым барбы озу? Шалдын акылы булганып баштаган окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: