Депутат Төрөбаев: "Айыл чарба министрлигин жоюу боюнча көп сөздөр айтылбаш үчүн үрөнчүлүк базасында иш алып баруу керек"
Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев үрөнчүлүк чарбасы боюнча маселе көтөрдү.
"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жоюш керек деген көп сөздөр бар. Бул сөздөр министрликтен жыйынтык жок болуп жаткан үчүн айтылып жатат. Мисалы, Транспорт жана жолдор министрлиги мынча жол курулду деп жыйынтык берет. Үрөн чарбачылык боюнча биздин дыйкандарга жаңычылык көрсөтө алсаңар жыйынтык болот. Жаңы ыкмалар пайда болду деп мактана аласыңар. Үрөнчүлүк чарба базасында иш алып барыңыз", - деди ал.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул боюнча иш алып барып жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.