super.kg logo

Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы: "Бишкекте жат жазууга катышкан 1100 адамдын ичинен 42 пайызы 2 деген баа алышты"

 

2019-жылы өткөрүлгөн жалпы жат жазуу өнөктүгүндө Бишкек шаарынан катышкан 1 миң 100 адамдын ичинен 42 пайызы 2 деген бааны алышкан. Бул тууралуу кечээ, 15-декабрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинарда билдирди.

"Кыргыз тили - бул өлкөнүн жүрөгү. Ал улуттун, мамлекеттүүлүктүн, эрктүүлүктүн баалуулугу. Мына ушул тилди өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң. Бирок биздин басма сөздө көйгөйлөр көп. Журналистика - бул коомдун жүзү. Эл алардын жазуу жана оозеки түрүндөгү маданиятынан үлгү алат. Учурда көпчүлүк ЖМКларда грамматикалык каталар кетип жатат. Ал эми социалдык тармакты айтпай эле коёлу. Кеп маданияты бузулду.

Алсак, 2019-жылы өлкө боюнча жалпы жат жазуу өнөктүгүн уюштурганбыз. Буга республика боюнча 41 миң 783 адам катышкан. Маселен, Бишкек шаарынан 1 миң 100 адам катышса, ошонун ичинен 5,7 пайызы 5ке жетсе, 20,9 4кө татыктуу болуп, 28,55 пайызы 3кө илинип, 42 пайызы 2 деген баа алышты.

Ошондуктан сабаттуулук үчүн адам өзү күрөшүшү керек. Ички маданияттын зор булагы - бул сабаттуулук", - дейт Назаркул Ишекеев.

Эске салсак, кечээ, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинар өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри, мамлекеттик жана жеке менчик телерадио компаниялардын белгилүү журналисттери, таанымал блогерлер, адис тилчи-окумуштуулар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.12.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабатсыз коом болуп баратабыз
16.12.2020. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: