super.kg logo

"Көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө керек". Бишкек шаардык мэрия көмүр саткан жерлерди текшерди

 

Шаардык кызматтар жана райондук администрациялар жылытуу мезгили боюнча иштерди күчөтүп, көмүр сатуу түйүндөрүнүн ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Адаттагыдай эле күз-кыш мезгилинде көмүрдүн чекене сатуу баасынын спекулятивдүү жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуучу пункттардын айланасында тазалыкты сактоо максатында чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды. Борбор калаада 7 көмүр базасы жана 27 стационардык пункт бар. Көмүр сатуучу түйүндөрдө Кара-Кече жана Шабыркул көмүрлөрүнүн бир тоннасынын баасы 4 миң, 4 миң эки жүз сомго чейин. Иштеп жаткан пункттарда бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече, Шабыркул) 170-280 сомдон, көмүрдүн тоннасы 4 миң, 4 миң 500 сомдон", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: