super.kg logo

Зордукталган 13 жаштагы кыздын каты: "Апа, жашагым келбейт"

 

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыздын 6 ай бою 3 эркек тарабынан зордукталып жүргөнү маалымдалган. SUPER.KG порталы окуя катталган айылга барып зордукталган кыздын ата-энеси менен маектешти. Ал арада айыпталуучу тараптын жакындары "балдарыбыз ак болчу" деген пикирлерин айтышты.

Кыздын апасы бизге окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди:

“Кызыбыз 2 уулдан кийин көргөн жалгыз кыз. Биз жолдошум экөөбүз мал карап кашарда турабыз. Кызым айылда чоң атасы менен жашачу. Кашарда жашаганыбыз менен күндүз айылда болуп, кечинде тамак-аш ичкен соң кетчүбүз. Окуянын баарын өткөн жылдын ноябрь айында кызыбыз бир күн үйгө келбей калгандан кийин гана билдик. Мурда такыр мынча убакытка жок болуп кеткен эмес, ошол үчүн аябай тынчсызданып, уктабай чыктык. Эртеси эле кошунабыз чалып калды, көрсө кызым алардын үйүнө келип отурган экен. Ыйлап эле эч нерсе айтпай отура берди, качан гана атасы кыйкырганда бизден бир көчө ары жакта жашаган Урмат деген менен шаарга барып келгенин айтты. Башка эч нерсе айтпай эле ыйлап отура берди. Качан гана тергөө башталганда 3 адам экенин билдик. Андагы абалымды түшүндүрүп бере албайм (ыйлап). Кызым азыр сүйлөшсөм эле “апа, жашагым келбейт,силер үчүн эле араң турам” деп ыйлайт. Учурда Кант шаарындагы кризистик борбордо”, - дейт кыздын апасы.

"Күнөөлүү тараптын туугандары келишип чоң суммадагы акча сунуштап жатышат, бирок мен кызымдын тагдырын кантип акчага сатам" деп көзүнө жаш алган кыздын атасы буларга токтолду.

“Азыр кызымдын абалы кандай экенин айтып бере албайм. Айыпталуучулардын бирөөсү 7 жылга соттолуп, экөөсү акталып чыкты. Кызым аларды уккандан бери абалы дагы начарлады. Акыйкаттык барбы бизде? Жаш балдардын укугун ким коргойт? Бул жерде 13 жаштагы кыздын тагдыры талкаланып жатканын ким түшүнөт? Кызым азыр апасынан башка эч ким менен сүйлөшпөй жатат (ыйлап). Күнөөлүү тарап акча сунуштап келишкен, мага алардын бир тыйыны дагы керек эмес. Мен кызымдын жашоосун ушундай абалга алып келгендер өз жазаларын алмайынча тынч албайм. Айыпталуучулардын биринин атасы "анын кызы мурда эле жаман жүргөн" дептир. Ал дагы бул сөзү үчүн жооп берсин. Өзүнүн баласын акташ үчүн эмнеге менин кызыма жалган жалаа жабат?! Жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем, ушул маселенин акыйкат чечилүүсүнө жардам бериңиздер”,- дейт кыздын атасы.
Он үч жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын жакындары соттун чечими туура деп эсептешет. Алар биз барганда колдоруна плакаттарды кармап, тосуп алышты.

“Сотко абдан ыраазыбыз. Ал балдардын күнөөсүз экенин далилдеп, актап берди. Бирок ага карабай кыздын ата-энеси кайрадан ызы-чуу чыгарып жатат. 13 жаштагы кыз али бала да, ага үйрөтүп койсо айта берет экен да. Эгер ошондой иш болгон болсо биз өзүбүз айтат элек. Эки бала акталып, бир агабыз камалып кетти. Ал менен аталаш тууган болобуз. Атабыз өтүп кеткен, өзүбүз араң жашайбыз. Учурда иним ооруп, ордунан тура албай үйдө жатат. “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Мен жогору жактагыларга, кыргыз элиме кайрылат элем, бизге жардам бериңиздер. Биздин балдар ак, күнөөсүз”,-дейт айыпталып жаткан балдардын биринин агасы.

“Бир жылдан бери ушул иштин аркасынан жүрүп, үйүмдө үрүп чыгар итим калбады”, - деген айыпталуучунун апасы төмөнкүлөргө токтолду.

“Бир жылдан бери сүйрөп жүрүшүп, ушул күнгө келдик. Эми балдарыбыз акталып чыкса дагы токтоп калбай кайра каматабыз дешип жатат. Ушул иштин аркасы менен жүрүп короомдо үрүп чыгар итим калбады. Балам оорукчан болуп калды. Азыр үйдө жатат. Аны ооруканага көрсөткөнгө да акчам жок отурам”, - дейт айыпталуучунун апасы.

Зордукталган кыздын атасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ага карабастан кызымдын тагдырын талкалагандарга карата соттун адилет чечими чыгышына болгон күч аракетин жумшаарын айтат. Акыйкаттыка жетүү үчүн анын бир тууган иниси да бул ишке аралашып, учурда Бишкекте тиешелүү адамдардын эшигин кагып жүрөт. Сөз соңунда ал айыпталуучу тарап жашы жете элек кызга түрдүү-түмөн күнөө илгендин ордуна балакатка жете элек кызды мындай байланышка тартуу бачабаздык экенин түшүнүшсө деген пикирин кошумчалады.


кошулду





13 жашында 6 ай зордукталган кыздын окуясы: тараптардын талаш тартышы

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
16.12.2020. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
зоокурлордун туугандары олумуш болбогула! Аягында суйлогон топучан чал сен бети жок акмак экенсин!!!!
SUPER.KG видео
16.12.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зордуктаган кишини атып эле ташташ керек.
SUPER.KG видео
16.12.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акмактар кылгылыкты кылып коюп жакшылык корбой калгыла. Кичинекей кыздын тагдырын талкалап. Уч акмак олгончо жеп тойгончо карганат болуп жатышатда. Бир тууган Ата энелери ишенгилери келбейт да кантип эле ушинтип койсун деп. Акмак экенсинер эки дуйнодо Тен жакшылык корбой калгыла
SUPER.KG видео
16.12.2020. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошо актаган соттордун үйүн өрттөш керек. Милициясынан баштап.
16.12.2020. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зордуктагандар акмактар, бирок кызда эмнеге шаарга барат."Ыйлап эле эч нерсе айтпай отура берди, качан гана атасы кыйкырганда бизден бир көчө ары жакта жашаган Урмат деген менен шаарга барып келгенин айтты.
http://www.super.kg/kabar/news/337347/"
16.12.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
13 жаштагы школница кыз нени билет. Гилейген, аялы бар туруп неге кызындай кызды азгырат, кантип дити барды жаман жолго. Дагы долуланып ыйлап алышканын кара, эркектери баш болуп. Сабак болсун башкаларга. Ооруп атат имиш, өлүп эле калбайбы ошонон көрө, аркы дүйнөдө ошо жаман иш кылган уяттуу жеринен башталаарын билбейт бекен наркы 5убак намаз окуганы. Тооба, баарыбызда кыз бар кудай сактасын мындайлардан.
16.12.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Учоону тен бычып салыш керек,камап багып отурбай...
16.12.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садыр эмне деп чечип берет экен?
16.12.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах пенделерине ыйман бер. Заман кайда баратат. Кыздары кордолгон улуттун келечеги жок.
16.12.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
13 жашар кыз кантип азгырат?
SUPER.KG видео
16.12.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчабыз калбай калды,үйум залогдо турат дейт. сотттун оозуна тыксанар акчанар калбай калат да.Кыз озу азгырып анан уйуно келип кир жууп деп акмактар.Силерде да кыз бар кызынар так ушундай болуп зордукталсын.
SUPER.KG видео
16.12.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олум жазасын бериш керек
16.12.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар бул жерде баары акыйкат жолу менен чечилиш учун ал кыздан экспертиза алыш керек бир эмес беш жерден текшертиш керек . Ошондо баары билинет го .
SUPER.KG видео
16.12.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмактар кылмыштын арты жаза
SUPER.KG видео
17.12.2020. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктор десе! Бет тырмоочулук кылышканын булардын. "Суйда" туура кылды, балдар апапак деген кишини башына бир чапкым келип кетти
SUPER.KG видео
17.12.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииииий адамдар эмне болуп бара жатабыз.Кызга боорум ооруду ,эмне деген стресс алды,жаман иш болуптур өтө жаман.Кудай мындай зөөкүрөлөрдөн сактасын балдарыбызды.Кыз азгырган күндө да тигил акмак эмнеге барат,эгер чындыкта ошондой болгон болсо кой антпе деп жакшы түшүндүрүп жолуна салып койбойт беле.Билбейм окуя толук айтылган эмес,Бир нерсе тан калычтуу кыз эмнеге барат чакырса.
20.12.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тангалычтуу болуп жатат. Кандайча эл жарым жылдан бери зордуктап журушуп, ата-энеси, эч ким билбей журду? Бир жолу, же эки жолу болсо дагы мейли. Анан кандайча жарым жылдан бери болуп жатты?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: