super.kg logo
  Спорт  

"Жеңсе болот". Мээрим Жуманазарова менен финалда беттешчү чехиялык балбан ким? (көрсөткүчтөрү)

 

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери орун алат. Бишкек убактысы боюнча саат 23:00гө белгиленген финалдык беттеште кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова чехиялык Адела Ганзличкова менен кез келет.

26 жаштагы Адела Ганзличкова күрөш менен 2005-жылдан бери алектенет. Ал эми эл аралык мелдештерге 2009-жылдан баштап чыга баштаган.

2015-жылы Баку шаарында өткөн Европа оюндарында 63 килограммга чейинки салмак категориясында катышып жетинчи орунду ээлеген. Мындан тышкары "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2019-жылы Бухарест шаарында өткөн Европа чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон.

Ушул эле жылдын июнь айында Минск шаарында өткөн II Европа оюндарына 68 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, акыркы он биринчи орунду ээлеп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.12.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мээрим Жуманазарова дагы алтын утуп алса экен!
16.12.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буйруса дагы бир алтын медаль кошулат.Биз сага ишенебиз Мээрим.
16.12.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайактан корсо болот айткылачы прямой эфир
16.12.2020. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээримге ийгилик! Дагы бир алтын күтөбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: