Депутаттар Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом аткарылбаганына нааразы. Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Депутаттар Бишкектеги кара түтүн боюнча токтомдун аткарылышын сындады
Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы тууралуу маселе каралды. Анда бир катар депутаттар сын пикирин айтышты.
Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом долбоору аткарылбаганын билдирди.
Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады.
Вице-спикер Мирлан Бакиров кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы "канааттандырарлык эмес" экенин айтты.
Былтыр Марлен Маматалиевдин демилгеси менен кара түтүндү жок кылуу боюнча токтом долбоору кабыл алынган. Ошол учурда SUPER.KG порталы "Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт?" деген собол салган. Ошондо азыркы курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Динара Кутманова бул маселеге өкмөт көңүл бурбай жатканын айткан. Аз кезде ал эколог катары комментарий берген. Бүгүн ал Жогорку Кеңештин жыйынына дагы катышкан жок.
13 жашар кызды зордуктагандарга чыккан соттун чечими Жогорку Кеңеште да айтылды
Депутат Айсулуу Мамашова 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү.
Вице-спикер Мирлан Бакиров бул маселе алгач комитетте каралып, анан палатага чыгышы керектигин айтты.
Нурсултан Назарбаев Кыргыз өлкөсүнөн Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев журналист Айгүл Идиловага берген интервьюсунда суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин качып кетишине кантип жардам бергенин айтты. Ал Аскар Акаевди тик учак менен Тараз шаарына алып кеткен.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.М. кармалды.
УКМКнын жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

кошулду

