super.kg logo

Сокулукта жер тилкелерин алдамчылык жолу менен сатып жүргөн шектүү аял кармалды

 

Чүйдүн Сокулук районунда алдамчылык жолу менен жер тилкелерин сатып жүргөн шектүү аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял анын ишенимине кирип, 2019-жылдын март айында Ак-Ордо жаңы конушунан курулуш курууга бардык документтери менен жер тилкесин сатам деп арыздануучудан 6 миң АКШ долларын алып, айыл чарба багытындагы жер тилкесин сатканын билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын негизинде Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, А.Э. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган жаран Сокулук районунун аймагында жогорудагыдай 14 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: