super.kg logo
  Саясат  

Москва-Бишкек аба каттамында учуп келген 79 жүргүнчүнүн жүгү Орусияда калыптыр

 

1-октябрда Москвадан Бишкекке "Урал Транс" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген 79 жүргүнчүнүн жүгү Орусияда калыптыр. Бул тууралуу бизге жүргүнчүлөрдүн бири Майрамкүл Озураева билдирди. "Урал Транс" авиакомпаниясында Кыргызстанга билет арзан болгондуктан көпчүлүк кыргыздар ушул компания аркылуу учушат. Билетте 30 килограммдан ашык жүккө кошумча акча төлөнөрү жазылганын белгилеп: “Биз 3 кишиге билет алганбыз. Жүгүбүз көп болгондуктан башка адамдардын жардамы менен текшерүүдөн өткөрүп алдык. Учакка отурган терезеден жүктөрдүн кайра учактан түшүрүлүп жатканын кызым көрүп өзүнүн баштыгын таанып калды. Биз стюардессалардан сураганда айтпай коюшту”,- дейт Озураева. Учак Москвадан саат 09:55те учкан. Кызматкерлер учакка батпай калган жүктөр саат 12:00дөгү каттам менен артыбыздан келерин айтышкан. Кыргызстанга келгенде текшерүүдөн өткөндө 79 кишинин жүгү келбей калганы маалым болду. “Саат 12:00дө уча турган учакты күттүк, ал Кыргызстандын учагы экен. Биздин жүктөрдү алып келбептир. Ызы-чуу салганыбызда "Урал Транстын" өкүлү жүргүнчүлөр менен жакалашканга чейин барды. Биз жүктөрүбүздү күтүп кечки саат 10:00гө чейин жүрдүк”,-деп кошумчалады. Жүргүнчүлөр ИИМдин атына арыз жазып тарап кетишиптир. Ал эми Кыргызстандагы "Урал Транс" авиакомпаниясына байланышсак, бул окуя боюнча эч кандай маалымат бер албай тургандыгын билдиришти. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: