Артём Новиков салык администрациясын санариптештирүү алкагындагы бардык иш-чаралар белгиленген мөөнөттө өтүүсү тийиш экенин айтты








Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков салык администрациясынын процедураларын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө "Бириккен пост" автоматташтырылган маалыматтык тутумун, кошумча нарк салыгы аналитикалык көзөмөл тутумун жана товарларды санариптик маркировкалоону (дары-дармек каражаттарын кошо алганда) ишке ашыруунун баскычтары талкууланды.
Ар бир маселе боюнча бетачарлар даярдалып, анын жыйынтыгы боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, өкмөт экономиканы санариптештирүү боюнча мамлекеттик программа алкагында ири долбоорлорду ишке киргизүү, анын катарында бизнестин ишин жаңы санариптик форматта жүргүзүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган салык процедураларын фискалдаштыруунун бир катар компоненттерин ишке киргизүү үстүндө иш алып барууда.
Артём Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы "Бириккен пост" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча канааттандырарлык эмес жүргүзүлүп жаткан ишке карата сын-пикирин билдирди.
"Биздин алдыбызда чек арадагы ыктымалдуу коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча маанилүү жана олуттуу милдет коюлган. "Бириккен пост" автоматташтырылган тутумун пилоттук режимде ишке киргизүү, ошондой эле бажы өткөрүү пункттарын жана салмак-габариттик көзөмөлдү автоматташтыруу тууралуу так милдет коюлган. Тилекке каршы, бүгүн биз өкмөттүн чечимдери иш жүзүндө кандай аткарылып жаткандыгына күбө болдук. Мен салык, бажы, чек ара жана салмак-көлөмдүк бирдиктүү маалыматтык тутумдун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. 2020-жылдын 20-декабрында «Бириккен пост» автоматташтырылган тутуму «Чалдыбар - Автодорожный», «Ак-Тилек-Автодорожный», «Чоң-Капка – Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарында пилоттук режимде ишке киргизилиши керек. Аталган тутумдун аягына чейин иштелип чыкпаган компоненттери аны толук кандуу ишке киргизүүгө тоскоолдук келтирүүдө. Белгилей кетсем, автоматташтырылган тутум биринчи кезекте, салык кызматына керек, анткени, ал толук кандуу ишке киргизилгенде, коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат, ал эми чогултулган каражаттар республикалык бюджетти толтурууга багытталат", - деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга учурдагы бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде «Бириккен пост» маалыматтык тутумунун жана салмак-габариттик көзөмөлдөө тутумунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Салык жана бажы кызматтарын кайра түзүү боюнча долбоорлорунун ишке ашырылышы туруктуу негизде көзөмөлгө алынат.

