Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл экенин айтты

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк. Бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок.
Баалар боюнча жүргүзүлгөн талдоо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк наркына карата аймактар ортосунда олуттуу ажырым бар экенин көрсөттү. Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде? Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысын кабыл алуу керек", - деди Новиков.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргыз өлкөсүнө товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи.
"Биз экономикадагы мамлекеттик жөнгө салуунун тарапкери эмеспиз. Бирок кырдаал курчуп кетсе, шашылыш чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек болот. Базар экономикасынын өзүнүн эрежелери бар, бирок биз калктын товарларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Биринчи кезекте жарандар жөнүндө ойлонушубуз керек. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарларды, майда жандыктарды жана бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эттин баасын төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин дүң базардагы баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экендигин айгинелейт. Мыйзамсыз экспорттоону токтотуш керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына социалдык маанилүү товарлардын дүң бааларына жараша чекене базардагы рентабелдүүлүк деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди", - деди ал.
Артём Новиков ушул аптада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды.
"Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын ала билиши керек. Буга катар облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күндөлүк колдонуулуучу продуктуларды пайдалануусун талдоо жүргүзүү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте өндүрүүчү жана импортерлордон республиканын бардык аймактарына дүң баа боюнча түз жеткирүүлөрдү камсыздоосу тапшырылды", - деп жыйынтыктады Артем Новиков.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

