Кыргыз-Орус өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлери Sputnik-V вакцинасын берүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселелерди талкуулашты
Москва шаарында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргыз-Орус өлкөлөрүнүн кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусия тарапка коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда Кыргыз мамлекетине көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазылык билдирди.
Ушул жылдын июль айында оорунун күчөп турган учурунда россиялык медициналык адистер тобунун ооруну жеңүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи.
Эки мамлекеттин саламаттыкты сактоо министрлери коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары көбөйгөнүн өкүнүч менен белгилешти. Буга байланыштуу жаны коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү Орусиянын алдынкы тажрыйбасын эске алуу менен, биргелешкен чараларды кабыл алуу жана Кыргызстанга медициналык гуманитардык жардам, анын ичинде Sputnik-V вакцинасын берүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселелер талкууланды.
Өз кезегинде Михаил Мурашко эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин эске алуу менен, Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн мүмкүн болушунча жардам берүү маселеси өзгөчө көңүлгө алынаарын билдирди.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекетинин аймагында Орусиянын Sputnik-V вакцинасын өндүрүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашты.

