super.kg logo

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан 9 эсе ашып кетти

 

Бүгүн, 17-декабрда саат 9:20га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан 9 эсе ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 69 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 191). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 223 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 243).

Аламүдүн-1 кичи району – 175 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 348).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: