super.kg logo

Супер фактылар: Түркияда таштандынын арасынан чогултулган китептер коюлган китепкана бар экендигин уккан белеңиз?

 

Түркиянын Анкара шаарында тазалык кызматкерлери таштандынын арасынан чогулган 5 миң китеби бар китепкана ачышкан. Жаңы китепкана кароосуз калган кирпич заводунда ачылып, анын негизги окурмандары шаардын таштанды тазалоочулары. Мындан сырткары китепканага жакын жайгашкан мектеп окуучулары дагы каттап турушат.

Бул жерге жайгаштырылган китептер жөнөкөй эмес, "куткарылып калган" китептер. Анткени тазалык кызматкерлери аларды шаардын түштүгүндөгү Чанкай кварталындагы таштандыдан чогултуп алышкан.

Ыргытылган китептердин баалуулугун билген тазалык жумушчулары аларды кайра иштетүү үчүн жөнөтүүнү туура көрүшкөн эмес. Алар китептердин дагы да "өмүр" сүрүшүн, адамдардын сабаттуулугунун жоюлушуна жардам беришин каалашып, биргеликте китепкана ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

"Биз чогулткан китептер бирөө үчүн баасы жок болсо, башкасына сөзсүз керек", - дешкен тазалык кызматкерлери.

Китептерге "өмүр" берген таштанды чогултуучулар бир жылга жакын убакытта 5 миңдей китеп чогултушкан. Китептер француз жана англис тилинде болуп, арасында "Гарри Поттерден" баштап, Чарльз Диккенстин романдары да табылган.

Китепкана эртең менен ачылып 17:30га чейин бардык каалоочулар үчүн эшиги ачык болсо, ал эми 700 тазалык жумушчулары үчүн 24 саат бою ачык. Китепти ал жерде окуп, кааласа бир-эки апта үйүнө алып кетсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: