Кыргызстандык дзюдочулар Ташкент шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдешке катышат

Кыргызстандык спортчулар 4-6-октябрь аралыгында Өзбекстанда өтүүчү дзюдо боюнча Ташкент шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы билдирет. Мелдешке 24 өлкөдөн 190 спортчу катышып, жалпы байге фонду 100 миң Америка долларын түзөт. Кыргызстандын намысын аталган мелдеште кыздар арасында 4, эркектер арасында 6 спортчу коргойт. Эске салсак, жакында эле өткөн Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдеште Кыргызстандан жалгыз Юрий Краковецкий медаль тагынган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.