super.kg logo

УКМК: "Жасалма документ колдонуу фактысы менен Кылычбек Саркарбаев кармалды"

 

Жасалма документ колдонуу фактысы менен Кылычбек Саркарбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаган.

урдагы документ боюнча Сулайманов Кылыч Асылбекович 28-декабрь 1987-жылы туулган. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экендиги аныкталган. Буга чейин Сулаймановго "тоноо" фактысы менен кылмыш иши козголуп, 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Кылычбек Сулайманов жасалма документтердин негизинде ушул фактыны жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган. Ошону менен катар жасалма документтердин негизинде жумушка орношуп, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Азыркы учурда Саркарбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Кылычбек Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн кылмыштуу аракеттерди көрүүгө катышкан, анын ичинде эрежесиз эр урушта белгилүү согушчандын катышуусунда атышуу болгон.

УКМКнын тергөө органдары анын катышуусу менен мыйзамсыз аракеттердин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө жана текшерүү иш-чараларын жүргүзөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
17.12.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул тварьды атып эле салгылачы, пайдасыз паразитти. Көрөргө көз жок уже.
17.12.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ташиевге данк!!!
17.12.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул шакалдын туугандары куршабта эч кимге баш бербейт. Отургузуш керек отургузганда дагы бутылкага отургузуш керек
17.12.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо бумеранг
17.12.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баягы спортсмен балабы,же башкабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: