super.kg logo

Билим берүү жана илим министри иш сапары менен Ошко барды

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ошко барды. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрдин иш сапары Ош шаарындагы курулушу толугу менен бүтпөй токтоп турган мектептин имаратынын абалы менен таанышуудан башталды.Тиешелүү адистер менен аталган көйгөйдү талкуулап, мектеп курулушун бүтүрүү үчүн министрлик көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Андан соң министр билим берүү кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Ага Ош билим берүү институтунун директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору катышты.

Иш сапардын алкагында билим берүү министри Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, окуу жайдын санариптик технологиялары менен таанышты. Ошондой эле министр Ош мамлекеттик университетинде улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты.

Министр иш сапарынын экинчи күнү Ош облусунун жаштары менен расмий эмес жолугушуу өткөрдү. Анда ал өткөрүлүп жаткан жолугушуунун маанилүүлүгүн, жаштардын коомдогу орду чоң экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: