super.kg logo

Владимир Жириновский: "Казак уруулары Орто Азияда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал жакта мамлекет болгон эмес"

 

"Казак уруулары Орто Азияда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал жакта мамлекет болгон эмес". Мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никоновду колдоо иретинде орус саясатчысы Владимир Жириновский билдиргенин орус басылмалары жазышууда.

"Никонов туура айтат. Казак уруулары Орто Азияда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал жакта чек арасы, башкаруусу бар мамлекет болгон эмес. Баарын Совет бийлиги жасалма жол менен курган", - деп айткан Жириновский.

Буга чейин Орусиянын Биринчи каналында эфирге чыккан "Большая игра" берүүсүндө орус парламентинин депутаты Вячеслав Никонов СССРдин кулашы тууралуу сөз кылып жатып "Казакстан деген өлкө тарыхта болгон эмес" деген пикирин айткан.

"Тарыхта Казакстан деген өлкө болгон эмес. Түндүк Казакстанда эч ким жашаган эмес. Алар түштүк тарапта жайгашкан. Азыркы Казакстандын аймагы - бул СССРдин жана Орусиянын чоң белеги", - деп билдирген Никонов.

Мындай билдирүү социалдык тармактардын казак секторунда, маалымдоо каражаттарында чоң резонанс жаратып, көпчүлүк Никоновдун айткандары боюнча кечирим суроосун талап кылышкан.

Орус депутатынын сөзүнө Казакстандын Тышкы иштер министрлиги реакция жасап, өлкөдөгү Орусиянын элчисине нааразычылык нотасын да тапшырган.






Орус депутаты: "Тарыхта Казакстан деген өлкө болгон эмес"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.12.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россияга коз каранды эмес бир да мамлекет жок дуйнодо, анын ичинде биз да барбыз. Негизи орто азия мамлекеттери СССР убагында область катары тузулуп, кийин мамлекет болуп калышкан. Бул факт. Экинчиден эгер кыргыз уурулары Россияга барып кошулбаса кыргыз жери, Ыссык Кол, Нарын, Чуй, анын ичинде Казакстандын коптогон жери Кытай имериясына отуп кетмек.
sultan_bek түзөттү 2020-12-17 12:41:17
17.12.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кыргыз
17.12.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
охххх, казактардын төтөнү күйүп гана кеткендир.. хотя бул жерде орустар бет-тырмоочулук кылып жатат, албетте.. колониялык саясаты.
17.12.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жвкшы дагы кактардын түбү кыргыз деп айтпаптыр, анда казвктар "вообще" болмок да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: