Энергетика жана өнөр жай министри "кышка даярдык мыкты" дейт
КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 2-октябрдагы маалымат жыйында "кышка даярдык мыкты" деп билдирди. “Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2013-жылдын апрель айында 11,25 миллиард кубга түшүп кеткен. Жайында 17,51 миллиард кубга жеткирилген. Ушул жылдын 1-октябрына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 15,94 миллиард кубду түзүүдө. Суунун көлөмү азайганда жетекчилер менен калк арасында кооптонуулар болуп жаткан. Бул көрсөткүч күз-кыш мезгилдерине жетери жана кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмү 9 миллиард куб метрди түзөрү күтүлүүдө”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

