super.kg logo

Москвада бычакталып каза тапкан 19 жаштагы Кыргыз жараны боюнча элчилик маалымат берди

 

Москва шаарында белгисиз адам тарабынан бычакталып каза тапкан 19 жаштагы бала Кыргыз өлкөсүнөн келген, бирок ал Орусиянын жараны болгон. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Маркум Орусиянын жараны болгондуктан ишке тийиштүү көп материалдарды бизге беришкен жок. Бирок анын Кыргыз өлкөсүнөн келгени аныкталды. Учурда окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканын укук коргоо органдары билдиришти. Шектүүлөр дагы бар экен. Бир аптанын ичинде дагы толук маалымат берилет. Учурда баланын атасы жүк-200 менен сөөктү алып кетүү үчүн даярдыктарды көрүп жүрөт. Баланын апасы тууралуу маалымат жок, бирок атасы Орусияда жашаары маалым", - деди элчиликтин маалымат катчысы.

Эске салсак, кечээ, 16-декабрда Москвада курьер болуп иштеген Кыргыз өлкөсүнөн келген 19 жаштагы баланын бычакталып каза тапканы тууралуу маалымдалган. Маалыматты орус басылмасы укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыккан. Анда бычак баланын жүрөгүнө дагы тийгендиктен, аны аман алып калуу мүмкүн болбой калганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2020. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми озубуздун жаран айла жоктон орус паспортун алган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: