Зордукталган 13 жаштагы кыздын агасы айыпталуучу тараптан 40тай адам келип кечирим сураганын айтты. Буга экинчи тарап жооп берди
Ысык-Көлдөгү зордукталган 13 жаштагы кыздын үйүнө айыпталуучу тараптын жакындары 40тай киши болуп барышып, кечирим сурашкан. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына кыздын атасынын бир тууган иниси билдирди.
Аталган окуя боюнча айыпталуучулардын биринин аялына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтты.
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн айылдарынын биринде 13 жаштагы кызды 6 ай бою айылдаш 3 киши корукутуп,зордуктап жүргөн. Окуя өткөн жылдын ноярбь айынын аягында ачыкка чыгып, кылмыш иши козголгон. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Тоң райондук соту 3 айыпталуучунун экөөсүн актап, бирөөсүн 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Учурда кыздын жакындары жана адвокаты мындай чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылабыз дешүүдө. Жабырлануучу кыз азыр кризистик борбордо.
SUPER.KG аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн кыздын айылына барып тараптардын пикирин угуп келди.










1 |