Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталат
Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.
Ага ылайык, окуучулардын кышкы каникулу 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. 11-январь дүйшөмбү күнү окуу болот.
Ал эми окуу реалдуу режимде болору боюнча министрликке караштуу мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев буларды билдирет.
"Ага чейин дагы 25 күндөй бар, биз бардык мектептерди, анын ичинде Бишкектеги мектептердин ачылышы үчүн атайын мониторинг жүргүзөбүз", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.