Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор сотко чакырылды. Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүүдө. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Жогорку Кеңеште пенсия маселеси көтөрүлдү
Бүгүн Жогорку Кеңеште "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Долбоорду кароо учурунда вице-спикер баш болгон депутаттар Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаевага, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага бир нече суроолорду беришти.
Депутат Максат Сабиров пенсиянын көлөмү көтөрүлгөндө аскер кызматкерлериники да жогорулашы керектигин белгиледи.
Буга кошумча катары Эльвира Сурабалдиева бирдиктүү саясат болушу керек дегенди колдой турганын белгиледи.
Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров Социалдык фондду реформалоонун кандай жолдору бар экенине кызыкты.
Парламент жыйынында өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом, жалпы 686 миң 225 пенсионер бар экендиги белгилүү болду.
Электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлөбү?
Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында вице-премьер министр Равшан Сабиров электр энергиясын колдонуу күнүнө 7-10 киловатт-саатка көп болуп жаткандыктан, ал автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн экендигин айткан.
Бул маалымат чыгары менен коомдо кызуу талкуу жаралып, көпчүлүгү электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүрүлүшүн өкмөттүн кышка болгон даярдыгынын чабалдыгы менен байланыштырышты.
Буга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев бүгүн түшундүрмө берип, вице-премьердин сөзүн коомчулук туура эмес түшүнүп алганын айтты. Анын айтымында Сабиров веердик өчүрүү тууралуу кеп козгогон эмес.
Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы 2-3 жыл бою кургакчылык болгону менен түшүндүрдү.
Сооронбай Жээнбеков иниси менен кошо сотко чакырылды
Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку Сотко чакырылганын аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады. Маалым болгондой ага-ини Жээнбековдор Абдилат Капаровдун ишине байланыштуу чакырылган. Бирок экс-президент жана анын инисинин сот отурумуна келери же келбеси белгисиз. Анткени алар жабырлануучу катары чакырылгандыктан сөзсүз түрдө келүүгө милдеттүү эмес.
Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүүдө
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай "чакан төңкөрүштү" КСДП фракциясы уюштурууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын өзүнүн пикирин угуу мүмкүн болгон жок.





1 |