super.kg logo

"Электр жарыгынын автоматтык өчүүсү боюнча маалыматты туура эмес түшүнүп алышты" дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы

 

Кечээ, 16-декабрда вице-премьер министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында электр энергиясын колдонуу күнүнө 7-10 киловатт-саатка көп болуп жаткандыктан, ал автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн экендигин айткан.

Бул маалымат чыгары менен коомдо кызуу талкуу жаралды. Көпчүлүгү электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүрүлүшүн өкмөттүн кышка болгон даярдыгынын чабалдыгы менен байланыштырышты.

SUPER.KG порталы бул боюнча так маалымат алуу үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевге кайрылды.

"Вице-премьерди баары эле туура эмес түшүнүп алышыптыр. Көбү жарык автоматтык түрдө өчөт дегенди веердик өчүрүү катары кабыл алышкан. Бул экөө эки башка нерсе. Үйдө электр жарыгына болгон чыңалуу күч алганда эсептегич өзү эле өчүп калат. Жөнөкөй тил менен айтканда токко көп нерсе сайылса, автоматтык өчүү болот. Бул учурда электр жарыгына күч келтирген нерселерди өчүрүп, эсептегичтин баскычын өйдө көтөрүп койсо, жарык кайра эле күйүп калат. Кечээ негизи ушул жөнүндө айтылган" , - деди Сагынбаев.

Мындан тышкары, "Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азбы? аз болсо эмне себептен?", деген суроо узаттык.

"Эки-үч жыл кургак болгондуктан, суубуз азыраак. Ошондуктан бүгүнкү күндө сууну эч кимге бербей сактап, көбөйтүп жатабыз" , - деп жооп берди Жыргалбек Сагынбаев.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
17.12.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууну сатат мешок мешок акчага
17.12.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
вице-премьер министр Равшан Сабиров эмне Тупойбу тушундуро албаган. Анда вице-премьер министр Равшан Сабиров ду эмне учун жумушка алды экен.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: