Өлкөнүн 2 миң 196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларына жабдууларды жеткирүү пландаштырылды
Өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарындагы китепкана фондун инвентаризациялоо боюнча жаңы системдин демонстрациялоо иши көрсөтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-декабрында саат 14:00дө А.Молдокунов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар гимназиясында мамлекеттик мектептердеги китепкана фондун инвентаризациялоо боюнча жаңы системинин иши көрсөтүлөт. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары- Надира Жусупбекова, "Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системин бекемдөө" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери - Жылдыз Узбекова, "Жаңы китеп" мекемесинин жетекчиси- Төлөгөн Аматовдор катышат.
"Ар бир пилоттук билим берүү уюмдун китепканасына бирден компьютер, КӨШ (коп функцианалдуу шайман: принтер, сканер, ксерокс) жана QR-кодду окуучу сканер жеткирилген. Компьютердик жабдуулар мектеп китепканачыларына өз ишинде окуу китептерди башкаруучу автоматташтырылган маалыматтык системди колдонууга шарт түзөт. Бул систем китепканадагы окуу китептерден тартып, отчет алуу жана жаңы китептерге буйрутма берүүгө чейинки баардык процесстерди автоматташтырат", - деп билдирет маалыматта.
Жаңы китеп автоматташтырылган маалыматтык системди толук кандуу иштетүү жана өлкөдөгү мектептердеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кийинки жылдын башында өлкөнүн 2 миң 196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларына жогоруда айтылган жабдууларды жеткирүү пландаштырылганы маалымдалды.

