super.kg logo

Депутат Бекешев экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынса аткезчилик көбөйө турганын айтты

 

Депутат Дастан Бекешев экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынса аткезчилик көбөйө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аткезчилик көбөйөт. Бири кармалса кайра кутулат. Экинчиси да кутулууга мүмкүн экендигин билип кылмышка барат. Бул ишкерчиликке колдоо көрсөтпөстөн, тескерисинче терс таасирин тийгизет", - деди Дастан Бекешев.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: