Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өтүп жаткан спорттун беш түрүн камтыган пентатлон боюнча Азия чемпиондугуна катышууда
Казакстандын Астана шаарында спорттун заманбап түрү, ичине беш спортту камтыган пентатлон (пятиборье ) боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Бул спорттун түрүндө спортчулар ат оюндары, сууда сүзүү, фехтования, чуркоо, атуу боюнча жарышат. Мелдешке Кыргызстандан эркектер арасында төрт спортчу катышууда. Учурда мелдеште сууда сүзүү жана фехтования боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Катышып жаткан кыргызстандык спортчулар эки спорттун түрү боюнча мелдештерден кийин Никита Кузнецов 9-орун, Данияр Бактыбеков 11-орун, Темирлан Айтымбетов 19-орун жана Тилек Таалайбеков 27-орунда келе жатат. Жалпысынан эркектер арасында 33 катышуучу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.