Эльвира Сурабалдиева коронавируска каршы күрөшүүдө чет жактан келген каражаттар боюнча комиссия түзүлгөнүн айтты
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева коронавируска каршы күрөшүүдө чет жактан келген каражаттар боюнча комиссия түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, комиссия бүгүнкү күндөн баштап ишке киришет. "Комиссиянын курамында 30 адам бар. Алар 10 күндүн аралыгында күнү-түнү иштеп, жыйынтыгын алып келишет", - деди ал.
Учурда парламентте "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















