super.kg logo

Сизге окуяны тууроо сунушталбайт! Москвалык кыз чемоданга турмушка чыкты

 

Москва шаарынын Рейн Гордон аттуу жашоочусу чемоданга турмушка чыкты. Таң калычтуу маалыматты орусиялык басылмалар жазууда.

Ага ылайык, Рейн чет элдик маалымат каражаттарынын бирине "түгөйү" менен болгон мамилеси тууралуу айтып берген. Анда ал жансыз буюмдарга өзгөчө кызыгуу артарын 8 жашында байкаганын билдирген.

"Рейн турмушка чыккан күмүш түстүү чемодан менен чарба буюмдары бөлүмүндө 2015-жылы таанышкан. Ага чейин ал соода түйүнүнө дагы ашык болгон", - деп жазылат маалыматта.

Рейн Гордон "түгөйү" менен көп убактысын өткөрөрүн билдирген.

"Биз кучакташып, эркелешип көп убакыт отурабыз. Албетте, баарлашуу, жан дүйнө сырлары менен бөлүшүү дагы болот, кээде 3-4 саат сүйлөшүп отуруп калабыз. Бизде сүйлөшүү - сылап, сыйпалоо ыкмасы менен өтөт. Ал мени, мен аны угам, бирок сырттан караган адамга бул монолог өңдүү көрүнөт.

Баса, мага турмуш куруу сунушун чемодан өзү киргизген", - деген Гордон.

Күмүш түстүү чемодан менен Рейндин үйлөнүү үлпөтү досторунун катышуусунда өтүп, Рейн экөөнө тең нике шакегин сатып алган.

"2017-жылы Рейн Гордондун кадимкидей эле жигити болгон. Бирок ал жигит кыздын жансыз буюмдарга болгон артыкча кызыгууларын жактырган эмес. Буга байланыштуу кыз-жигит мамилесине чекит коюуга туура келген. Рейн басылмаларга берген маегинде анын тандоосуна, сүйүүсүнө жана түгөйү менен болгон жашоосуна карата сын пикирлерди айткандарды жек көрөрүн айткан", - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.12.2020. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астахфиролла
17.12.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай оорукчандарды киргизе бергиле
17.12.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келесоону
18.12.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: