Бишкек шаарындагы окуучулар эл аралык сынакка катышууда
Бул жылы Бишкек шаарынын окуучулары Москвада онлайн өтүп жаткан эл аралык мегаполистердин олимпиадасына 5-жолу катышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак 4 сабактын (математика, физика, химия, информатика) негизинде өтөт. Ага 8 окуучу (2019-2020-жылдары Республикалык жана шаардык олимпиадалардын негизинде тандалып алынган) катышып жатат.
"Сынактын биринчи туру бүгүн өткөрүлдү. Ал эми 19-декабрда экинчи туру өткөрүлөт. Аталган сынакка 14 жаштан 18 жашка чейинки чоң шаарларда жашаган окуучулар катыша алат.
Мегаполистердин олимпиадасы - эл аралык командалык таймаш. Жыл сайын Москвада өтөт. Биринчи жолу аталган сынак 2016-жылы өткөн. Анда ага 22 мегаполистен 173 окуучу катышкан", - деп жазылат маалыматта.

