Волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев дүйнө салды
Кечээ, 16-декабрь күнү, 75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев дүйнө салды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мелис Сейитказиев машыктыруучулук ишмердигинин алкагында бир катар спортчуларды тарбиялап, өлкөдө волейболдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келген. Өлкөнүн волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектердин курама командаларынын азыркы капитандары Мелис Сейитказиевдин тарбиялануучуларынын бири.
Мелис Сейитказиев бүгүн, 17-декабрда Балыкчы шаарында жерге берилди.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 1945-жылдын 21-июнунда Баткен облусунда төрөлгөн. 1975-жылдан тарта Балыкчы шаарындагы В.В.Ленина атындагы №4 мектеп-гимназияда дене тарбия мугалими болуп 45 жыл эмгектенген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мелис Сейитказиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

