"Белград-2020": Эрназар Акматалиев чейрек финалда олимпиадада медаль уткан балбанга жеңилип калды
Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бул күнү эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштарына каршы килемге чыгышууда.
Мелдешке 65 килограмм салмак ченинде катышкан Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, италиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык беттеште кыргыз балбаны "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон азербайжандык Гаджи Алиевке 6:4 эсебинде жеңилип калды.
Гаджи Алиев кийинки атаандашын жеңсе кыргыз балбанында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.