Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр эки тартаптын сүйлөшүүсү менен чечилди

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилип, Ак-Сай-Ворух жолундагы автоунаа каттамдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда абал тынч. Кечээ, 16-декабрда кечки саат 20:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай–Ворух жолун тосуп чыгышкан. Буга Ак-Сай айылынын тургунунун 8 айлык 2 тайы өзүнүн короосунан коңшулаш Тажикстанга өтүп кеткендиги себеп болгон.
"Бүгүн, 17-декабрь күнү окуяга байланыштуу Баткен ОИИБинин башчысы А.Мамасейитов, Баткен РИИБинин башчысы А.Шагамурзаевтер менен коңшулаш Тажикстандын Согди ОИИБинин башчысы А.Навджуванов, Исфара-2 РИИБинин башчысы Ш.Фирдаус менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлери биргеликте иш жүргүзөрүн, чек ара тилкелеринде кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Мындан сырткары чек ара тилкелеринде эки өлкөнүн ички иштер органдары өз алдынча кайгуулдарды жүргүзө тургандыгы белгиленди", - деп билдирет маалыматта.

