super.kg logo

"Баткен, Нарын, Жалал-Абад". Өлкөнүн эң кедей аймактары кайсылар экени аталды

 

Өлкөдө жакырчылыктын жогорку көрсөткүчтөрү Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева социалдык тармакта уюштурулган түз эфирде айтты.

Ал эми Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу экени маалымдалат.

"Мисалы, АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын түштүк аймактын жакырчылык деңгээли ылдыйлайт. Акча которуулар канчалык көп болсо, ошончолук түштүк аймакта кедейчилик азаят. Ал эми өлкөнүн түндүгүнө акча которуулардын чоң таасири жок, ошондой эле ал жакта АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын кедей категориясына кирген адамдардын саны өсөт”, - дейт Айлуна Шамурзаева.

Айлуна Шамурзаеванын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй бир эле фактор Кыргыз өлкөсүнүн ар бир аймагына түрдүү таасирин тийгизет.

“Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда жакырчылыктын деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды. Аймактарга кедейчиликтин тийгизген факторлорун аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат, биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук”, - деп белгиледи Айлуна Шамурзаева.

Мындан тышкары кедейчиликтин деңгээлине керектөө товарлары менен айыл-чарба азыктарына болгон баанын өзгөрүшү таасирин тийгизери дагы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.12.2020. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош менен Көл жокко, алар кандай жашайт экен
18.12.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., Туруктуу окшойтда
18.12.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи азыр жашоо эн сонун эркиндик, тынчтык. Кудайга шугур.
18.12.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан өзү жакыр да ошону билбейсиңерби салыштырып күлкүнү келтирбегилечи.Нарын жакыр болгону менен пейили кенен
18.12.2020. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul3ina,нарындын эли жакшы
18.12.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткенде бишкеке салыштырмалуу коп нерсе кымбат строй материал продукта дегендей
18.12.2020. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айлуна ысссыгын жептир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: