Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын атасы каза болду
Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын атасы Вова Пашинян каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Вова Пашинян узакка созулган оорудан улам каза болгон. Ал 81 жашта болчу. Вова Пашинян Ереван шаарындагы "Наири" аттуу медициналык борбордо каза болгону белгилүү болду.
Вова Пашинян эки жолу үйлөнгөн. Биринчи никесинен Артак, Армен жана Никол аттуу үч уулдуу болгон. Биринчи никедеги аялы Никол Пашинян 12 жашка чыкканда каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.