super.kg logo

Адахан Мадумаровдун "коркутуулар болуп жатат" деген кайрылуусу боюнча Башкы прокуратурага маалымат берилди

 

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусундагы үгүт иштерине белгисиз адамдар тарабынан тоскоолдук жаралып жатканын КТРКнын түз эфиринде билдирген. Буга байланыштуу БШКнын алдындагы ыкчам аракет жасоо координациялык тобуна маалымат келип түшкөнү тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.

"Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине Адахан Мадумаров КТРКнын эфири аркылуу анын Ысык-Көлдөгү штабынын мүчөлөрүнүн дарегине белгисиз адамдардан коркутуулар түшүп жаткандыгын билдирген. 17-декабрда бул тууралуу Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымат берилди", - деп жазылат маалыматта.

Бул тууралуу талапкер Адахан Мадумаровдун КТРКдагы талапкерлердин жеке кайрылуусундагы эфирде сүйлөгөн сөзү төмөндөгүдөй болгон:

"Биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Бирок ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик. Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып менден суранышты. "Бизде жаш азаматтар пайда болду" дейт алар. "Эгерде бир жигиттен башка талапкерлерге чуркагандарды көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз" деген коркутуулар менен жүрөт" дешти. Биз ушуну элдик бийлик деп эсептейбизби?", - дейт Мадумаров.

Бул боюнча Адахан Мадумаровдун өзүнө байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми анын штабындагылар Мадумаров үгүт иштери менен Ош облусунун аймагына кеткенин билдиришти.

Шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштери 15-декабрда башталган. Анын жүрүшүндө президенттик кызматка талапкерлер аймактарды жана шаарларды кыдырып үгүт компаниясын жүргүзөт. Мындан тышкары мамлекеттик телеканалдарда жана мезгилдүү басылмаларда аларга акысыз эфир убактылары, шайлоочуларга кайрылуу мүмкүнчүлүгү берилет. Учурда президенттикке 18 адам ат салышып жатат.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
18.12.2020. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сүрөтүндөгү кебетеси кантет?
Ушул мадумардан кантип жакшылык күтүүгө болот!
Биринчи суроодон Каркыраны саткандагы кылмышы менен жооп берсин калганын кийинкиге койгула!
18.12.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Baatirbek81,Жебейсиңби ошону айтып.
19.12.2020. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuba1970,сендей аялдар бир нерсеге кийлигишпей эле үйдө отурса!
18.12.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коркутпаган учурда деле,сени эчким шайлабайт!
18.12.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кокутат да, ошодон эле өзүнү билип койбойсунбу, авторитетиндин жоктугу. Деги сен тажабадын, президенттике кое берип же өтсөн не, сени коюп пайда жок. Башкасы келсин макилдак тилинен башка бок да келбейт колунан.
18.12.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nazira...,адамды алыстан туруп ушактоодон алыс бололуу сиз аял затысыз оозуңуз аябай бузук экен элим мынчалык ушакчы көр албас болуп калдык эхх өкүнүчтүү
18.12.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мадумаровду шайлайбыз! Садыр иштей албайт, только убада берип журо берет.
18.12.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адаканды эч Ким шайлабайт го
18.12.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курук эле доомат коюп жатабы деп ойлоп калдым,болбосо ушуга ким убакыт коротсун,ушуга кеткен убакытты пайдалуу жумушка коротот да,бул деген жөө жомокчуда
18.12.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп эле бироону жамандап,озун жакшы корсоткусу келе берет.Канча жылдан бери депутат болуп журду бир жарытаар эч нерсе кылган жок ушул.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: