Дүйнө Кубогу: Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбековдун жасаган ыкмасы мыкты аталды
Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбековдун жасаган ыкмасы алтынчы күндүк оюндардын эң мыкты ыкмасы аталды. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Мелдешке 61 килограмм салмак ченинде катышкан Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков мыкты деп аталган ыкманы аргентиналык балбан Агустин Алехандро Дестрибатска каршы жасап, 4 упай алган.
Тилекке каршы, бул беттеште кыргыз балбаны атаандашына 10:4 эсебинде жеңилип калган.
Улукбек Жолдошбековдун Дүйнө Кубогунда мыкты аталган ыкмасы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
ilbirs

18.12.2020. 10:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер! Мен учун женип алгандай эле болду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.