Чолпон-Ата шаарында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Ал 33 жаштагы Нурлан.Б. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Кармалган жаранды текшерүү учурунда жанынан 5 грамм гашиш табылды. Маалыматтар боюнча, Нурлан. Б. буга чейин бир нече ирет соттолуптур. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

