super.kg logo

"Жалган акт түзүшкөн". Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

 

Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Финполдун Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча бөлүмү Ноокат районунун айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

"Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн “Б.С.” ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзгөн. Бирок жооптуу кызматкер келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн жана көрсөтүлгөн акча каражатын ЖЧКнын эсебине материалдарды албай туруп которушкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: