super.kg logo

Тогуз коргоол Юнесконун маданий мурастар тизмесине кирди

 

Кыргыздын улуттук, интеллектуалдык жана стратегиялык оюну болгон тогуз коргоол ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирди. Бул туурасында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 17-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынган.

"Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн тогуз коргоол, тогуз кумалак, мангала" номинациясы үч мамлекеттин биргелешип алган номинациясы катары саналат. Ал Казакстан, Түркия жана Кыргыз өлкөсү.

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегдүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндардын бири болуп саналат. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: