super.kg logo

Кытайда карантиндин бардык шарттарына жооп берген, өзүн-өзү толук камсыздаган шаар куруу пландалууда

 

Кытайдын Пекин шаарынан 140 чакырым алыстыктагы Сюань округуна карантиндин бардык шарттарына жооп бере алган, өзүн-өзү толук камсыздаган шаар куруу пландалууда. Шаардын долбоорун Guallart Architects студиясынын испан архитекторлору иштеп чыгышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Биз эч нерсе болбогондой мурунку эле калыпта имараттарды курууну уланта албайбыз" деген студиянын негиздөөчүсү. Ал мындай шаарды куруу идеясы пандемия учурунда пайда болгонун айтат.

Маалым болгондой, жаңы шаардын долбоору карантин учурунда үйдө иштегендердин тажрыйбасынан алынган. Алар эмненин жетишсиздигин жана алардын шарттарын кантип жакшыртууга боло тургандыгын сүрөттөп беришкен. Сунушталып жаткан долбоор шаарда узак убакытка чейин жашай тургандай кылып иштелип чыккан, анткени ал кошумча ресурстарды талап кылбайт, бардыгы шаардын ичинде болот. Төрт зонага бөлүнгөн көп кабаттуу үйлөрдүн инфраструктурасы кеңселерден, дүкөн, бассейн, базар, бала бакча, администрация жана өрт өчүргүчтөрдөн турат.

Имараттардын эң үстүнкү кабаттары күнөскана болуп, ал жерде күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр өстүрүлөт. Мындан тышкары жогору жагында автономдуу энергияны өндүрө турган күн батареялары орнотулат. Биринчи кабатта коворкинг мейкиндиктерин уюштуруу пландаштырылууда, анда 3D принтерин колдонуу менен жолугушууну уюштурууга, аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле бардык батирлердин өзүнүн террасасы болот деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.12.2020. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа! кытайдын колунан келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: