super.kg logo

Дагы бир өспүрүм кыз өгөй атасы 2 жылдан бери зордуктап жүргөнүн ачыктады

 
Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда кыздын жактоочусу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Жактоочунун айтымында, кыздын таенеси жардам сурап кайрылган. Анда небересин өгөй атасы зордуктаганын айтып берген.
"Өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келген. Кыз зордуктоо жөнүндө таенесине, анан жеңесине айтып берген. Алар милицияга кайрылышкандан кийин бул факты 5-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыз милиция кызматкерлерине баарын айтып, өгөй атасы аны кайсы жерде зордуктаганын көрсөтүп бергенине карабастан, маселе дагы деле кыймылдабай турат", - деп билдирди жактоочу.
Ал эми жабырлануучу учурда психикалык ооруканада жатат.
"Өспүрүмдүн өгөй атасы ишти жабуу үчүн кызды психикалык ооруканага жаткырган. Ал өз көрсөтмөлөрүн жактоочуга видеого тартып калуусун өтүнгөн. Кечээ, 17-декабрда өгөй атасы менен апасы келип, кызды унчукпоосун талап кылып кызды "өлтүрөм" деп коркутушуптур", - дейт Абдыкапаров.
Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББинен жашы жете элек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын билдиришти.
"5-декабрь күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, анда шаардагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Токмок шаарынын ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, апасы жана эжелеринин бири болуп, ич-ара урушуп жатышканы белгилүү болгон.
Белгилеп коюучу жагдай, өспүрүм кыздын ички иштер органдарына арыз жазуусуна апасы жана жакын тууганы каршы болушуп, алар үй-бүлөнүн ичиндеги көйгөйдү өз ара чечип аларын айтышкан. Бирок милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ошол эле учурда өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң кыз үйүнө кайтуудан баш тарткан. Токмок ШИИБинин өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын апасы жана өгөй атасы суралып, алар зордуктоо фактысы болбогонун билдиришкен", - деп билдиришти мекемеден.
Бул окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
18.12.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ким президент болсо да, ушундай зордуктоо фактысы далилденсе а...н кесип салууга уруксат берсин! Болбосо атууга буйрук берсин!
Модератор admin_media түзөттү 2020-12-18 14:35:24
18.12.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
шердор абдыкапаров деген адвокат молодец экен өзү. Менимче көбүнө жардамы тийсе керек.
18.12.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах жазанарды берсин жаш балапанга кантип ушул ишти кылганга конулун барды ит сендейлерди бычып салыш керек Урматту Садыр Жапаров президент болсонуз ушуларга башкача конул буруунузду суранабыз анан дагы олум жазасын киргизип салса азайат беле
18.12.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушинтип жүрө бергилечи кана.... Жакында таза кыздарыбыз калбайт, жалаң гана жубан кыздар калат. Педофилдер көбөйөт. Анан нервиңди чыгарып кыз алам,алган аялым кыз чыкпады деп күйдүрүшөт. Кыз алуу үчүн ушундай педофилдерди жок кылуу керек. Кана,кимиң барсыңар?! Намыстуу,ариеттүү, адилеттүү эркекмин деген инсан барбы?! Болсо педофилдерди самосуд кылгыла... Всё равно соттон же милициядан нормальный бир пайда чыкпайт...ыссык столдон к...н көтөргүсү келбейт алардын...
18.12.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AykaMer,менда колдойт элем,самосуд кылып элдер ташбараңга алса,элдин колунан өлсө,анан педофилдер ойлонот беле.
18.12.2020. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апасыны псих больницага жаткырыш керек экен. Огойду атыш керек.
18.12.2020. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзгөчө ушуга окшогон кылмыш иштерине өлүм жазасын киргизсе мен колдомокмун, же ошондой педафил оорусу менен ооруган адамдарды бычып салыш керек, антпесе камактан чыккандан кийин деле ошол ишти кылбайт деп эч ким кепилдик бербейт.
18.12.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айиий ушундайларды окуп алып турмушка чыгыштан коркуп журом,кызым чоноюп калды деп...
18.12.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апалар,балдарынарды силерчелик ким коргойт,эмне болуп баратасынар эр соройлорунорго жан тартып
18.12.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ кыргыздар жаш кызды хор кылыпсынар башынарга к.....м милицян да тууганы да коргой албайт бул жерде жараткан Гана жардамга келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: