super.kg logo

Вице-премьер министр Максат Мамытканов: "Коркунуч жаралып жатса, Мадумаров мага кайрылсын жанында болуп берем"

 

Вице-премьер министр Максат Мамытканов президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун "коркутуулар болуп жатат" деген кайрылуусу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал шайлоого карата даярдыктарды текшерүүгө барган Республикалык штабдын көчмө жыйынында айтканын БШКдан билдиришти.

БШК берген видео материалда Максат Мамытканов журналисттердин Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча берген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген:

"Талапкер Мадумаров боюнча жергиликтүү бийликтин баарынан сурадык. Алар "эч кандай тоскоолдук болгон эмес" деп айтып жатышат. Өзү бул жакка келбептир. Эгерде Мадумаров Ысык-Көл аймагына бара турган болсо, алдын ала маалымдама берип койсун. Тосуп алышат, шарт түзүп беришет. Бара берсин. Бул жактагы жетекчилердин баарына "талапкерлер үчүн шарттар бирдей болсун, коркунуч жаралса кайрылсын, коопсуздугун камсыздап беребиз" деп жатабыз. Эгерде коркунуч болсо, мага кайрылсын чогуу барып, жанында болуп берейин", - дейт Мамытканов.

Буга чейин президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көлдөгү штабынын мүчөлөрүнүн дарегине белгисиз адамдардан коркутуулар түшүп жаткандыгын билдиргени боюнча, 17-декабрда Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымат берилгени маалымдалган.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген.






Вице-премьер министр Мамытканов Адахан Мадумаровдун "коркутуулар болуп жатат" деген кайрылуусу боюнча комментарий берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
18.12.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде өзү канча вице премьер министр бар, даже баш айланып калды.
18.12.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazarnew, Төрт вице-премьер бар
18.12.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул деле кекетип сүйлөп калыптыр быша элек экен саясатта жаш бала бойдон экенсин.
18.12.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров өзү коркок
18.12.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuban-1207, Кичине туруксуз кырдаалда, ынгайсыз учурларда тилин тиштеп бекинип отурат дайыма. Андай президенттин кереги жок бизге.
20.12.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров аферист да ,куу Тулку,
Алайга келсе да куушат элдер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: