Өкмөт социалдык төлөмдөр, пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнөрүн убадалады
Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө 4 миллиард 156 миллион сом керектелет. Ушул жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 пайызга каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.
2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын аягында социалдык жөлөк пулдардын көлөмүнүн 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлүп жатканы айтылган.

