super.kg logo

Ошто сувенир катары колдонулуучу акчага дары-дармек сатып алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм кармалды

 

Ошто сувенир катары колдонулуучу акчага дары-дармек сатып алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы шектүүнүн үстүнөн 10 жаран арыз жазган.

"Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 9-декабрь күнү саат 01:40 чамасында дарыканалардын биринде кебетеси азиялык болгон жашы 20-25 чамаларындагы жаран кирип эки миң сом жасалма акчага соода кылып кеткендигин билдирген. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен Ош шаарынын 9 тургуну кайрылган.

Факты боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16-декабрь күнү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 16 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалды.

Шектүү Ош шаарына досу менен косметика сатуу үчүн келгенин, жанында сувенир катары колдонуп жүргөн эки миң сом акчага аз суммадагы дары алып, кайтарымын чыныгы акча түрүндө алганын сурак учурунда айтып берди. Мындан сырткары Бишкектеги сувенир саткан дүкөндөн бир таңгак эки миң сомдук сувенир акча салдырып, Ош шаарындагы дарыканаларга өткөрүп жүргөнүн белгиледи. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.12.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Группаларда башка баланын суроту жургон элего кара каштуу, кара тору бала чонураак.
18.12.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аптекадагвлар акча деп ылгабай ала берсенер ошондой болот
18.12.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сувенир экенин кандай билбей калышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: