super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууну колдоп үгүт жүргүзүүгө чакырды

 
"Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу партия мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.
Кайрылууда Текебаев мамлекеттик башкаруунун формасын тандап алуу боюнча өтө турган референдум мыйзамсыз экендигин белгилеп, партия мүчөлөрүн парламенттик республиканы колдоп добуш берүүгө, башкаларды да парламентаризмди колдоого чакырды.
"10-январда мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болгону турат. Референдум Конституция жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерди одоно бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул референдумга “парламенттик республиканы же президенттик республиканы тандайсызбы?” деген суроо сунушталган.
Урматтуу партиянын мүчөлөрү! Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика үчүн күрөш жүргүзүшүңөрдү суранам", - деп жазды Текебаев.
Мындан сырткары эл өкүлү президенттикке талапкерлигин коюп жаткан "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн ичинен кимисин колдоо боюнча дискуссия өтүп, бир пикирге келе албаганын белгиледи.
"Ушул эле күнү референдумдан башка кезексиз президенттик шайлоолор да болот. Партиянын ичинде кайсы талапкерди колдойбуз деген дискуссия болуп өттү. Бир пикирге келе алган жокпуз. Партиянын мүчөлөрүнүн тандоосу кандидаттардын идеологиялык өзгөчөлүгүнөн башка дагы, алардын жеке адамдык сапатына, тарыхына да байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан партия президенттик шайлоодо өз мүчөлөрүнө эркин добуш берүү жарыялайт. Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот. Тигил же бул талапкер деп партиялык ынтымакты бузбайлы", - деп билдирген Текебаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: