super.kg logo

Аида Касымалиева: "Мөөнөтү бүткөн парламентте кресло талашуу болуп жатканы уят"

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева аны вице-спикерликтен кетирүү аракети боюнча SUPER.KG порталына комментарий берди.

Анын айтымында, вице-спикерди кызматынан алуу маселесин көтөрүү азыркы учурда орунсуз.

"Вице-спикерди кетирүү боюнча кол топтоо бардык депутаттардын демилгеси эмес. Себеби анын процедурасы башкача. Төраганын орун басарын чакыртып алуу процедурасы аябай татаал. Аны фракция чечиши керек. КСДП фракциясы чечим чыгаргандан кийин күн тартибине кирип, комитеттен каралышы керек. Кол топтоо мыйзамды жана регламентти билбеген адамдар тарабынан жасалып жатат окшойт. Фракция лидери, бир топ депутаттар мени колдой турганын билдирип жатышат.

Биз, парламент мөөнөтүбүздү узартып жатканда коомчулуктан нааразычылыктар болгон. Легитимдүүлүгүбүз суроо алдында. Биз ушул чечимди эч нерсеге карабастан бийликте боштук жана баш аламандык болбосун деп кабыл алганбыз. Бул парламенттин мөөнөтү бүткөн, ошондуктан кызмат талашуу же төр талашуу маселеси болуп жатканы коомчулуктун алдында уят, депутаттардын бетине ашыкча көө сүйкөйт. Жогорку Кеңеш кресло талаша турган абалда эмес. Ошондуктан мен вице-спикерди чакыртып алуу маселесин депутаттык корпусту уят кылуу деп эсептейм.

Вице-спикер болуп 2 жыл иштедим. Креслого жабышпайм. Бул маселе азыр абдан эле орунсуз. Ким кол топтоп жатканын деле угуп жатам. Вице-спикер болууну каалаган 2-3 адам бар. Аттарын атап алардын деңгээлине түшкүм келбейт.

Негизинен учурда актуалдуу же кандайдыр бир негиз болсо бул маселени көтөрүп чыкса жарашат эле", - деди Касымалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
18.12.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоголчу
18.12.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйалбай олтурбай кетбейсинби кресло талашбай
18.12.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жумушу жокда.
18.12.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койй чайй
18.12.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида жакпайт мага бирок реально моноту буткон парламентте отурушуп кресло талашкан уят,уят,иштесин до конца тийбегиле.

А эмне ошончолук эле Кыргызстандын баардык проблемалары чечилип бекер отуруп калыштыбы депутаттар?
Muslim_KGstana. түзөттү 2020-12-18 15:30:26
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: